Чоң эле киши адегенде кызды зордуктап, анан аны видеого тартып алган. Ошондон кийин секелекти коркутуп, 25 миң сом талап кыла баштаган. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
– Милицияга Ош шаарынын жыйырма жаштагы тургун кызы кайрылды. Аны былтыр 29-декабарда Баткен шааарынын четинде тааныш адамы күч колдонуп, кадимкидей зордуктап таштаган. Ошол эле учурда бул зордуктоону видеого тартып алганга дагы үлгүргөн. А түгүл кызды коркутуп-үркүтүп, 25 миң сом сурап жаткан кербези. “Мынча каражатты бербесең, бул окуяны интернет аркылуу жайылтып, а тугул окуган жериңде сени накта шерменде кылам!”- деп опузалоодо, Буга улай ал зөөкүр эселектин чөнтөк телефонун жана алтын сөйкөлөрүн дагы тартып алган, – деди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү.
Баса, соңку сааттарда бул иштүздөн-түз тиешси бар эркек кармалып, сурак берип, териштирүү иши кызыды.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ