27-июнда Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Элчиси Чынгыз Айдарбеков Жапонияда окуусун бүтүргөн JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү жана ошондой эле Жапон эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Элчиси Ч.Айдарбеков бүтүрүүчүлөрдү окууларын ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктап, Кыргызстанга кайрылып келгенден кийин алар мамлекеттин өнүгүүсүнө өздөрүнүн татыктуу салымын кошооруна ишеним арта тургандыгын билдирди. Ал япон тарабына адамдык ресурсунун өнүгүүсүнө натыйжалуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бүтүрүүчүлөр да Жапонияда окууда мүмкүнчүлүк бергендиктери үчүн Жапон элине ыраазычылыгын билдиришти.
Тараптар билим берүү тармагында кызматташтык боюнча жана ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Жапониянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык карым-катнашты мындан ары да өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ