Өлкөдө түзулгөн соңку олку-солку саясый кырдаал, бийлик менен оппозициянын тиреши күн сайын кырды-бычак абалга кептелип, эки тараптын эрегиши жакшы аяктачудай эмес. Кырдаал- дын курчуп баратканынан «жыт алган» укук коргоочу Турсунбек Акун оппозициянын Оштогу курултайынан соң 30-мартта бийлик менен ага каршы жээктерди ай-тегерек столго чакырып, сүйлөшүү, жолугуштуруу жараянын кылууга жан үрөп чыкты. Албетте, буга оппозиция тарап макул болоору мүмкүн.
А бийликчи? Кезегинде Алмаз Шаршенович журналисттердин оппозиция менен жолугушууга баруу тууралуу соболуна «мен эмне Бекназаров же Турсунбек Акун, Нурлан Мотуев менен жолугушушум керекпи?» деп берген жообун эске алсак, анда Тукеңдин жыйынынан деле «толк» чыкпайт көрүнөт. Анан калса, Тукең бир аз убакытка публикадан тыныгуу ала түшсө эле саясый рейтингин көтөрүү максатында ишке ашпаган пландарды көтөрүп чыкканга маш болуп буткөн жалганбы? Аттиң, 60 жашка таяган саясатчыларыбызга неберелеринин кашында эле тынч карылык берсе не?
Канжар Борпошов
Булак: “АЗИЯньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ