“Дүйнөлүк бактылуулук индекси” жарыяланды. Эң жогорку позицияны Скандинав өлкөлөрү багындырды. КМШдагы эң бактылуу өлкө болсо 49-орунда.
Жер жүзүндөгү жашоочулардын маанайын аныктаган БУУнун баяндамасы жарык көрдү. Изилдөөчүлөр бир нече темалар аркылуу 157 өлкөдөгү бактылуулук индексин аныкташкан.
Ага ылайык, элдин кирешеси, бейпилдик көрсөткүчтөрү, жашоо узактыгы, чечим кабыл алуу эркиндиги, социалдык коргоо абалы жана бийлик менен бизнесте коррупциянын жоктугуна ишенүү даражасы боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Натыйжада, алдыңкы ондукка Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Финляндия, Канада, Голландия, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швеция кирген.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен өткөн жылдагыдай эле Өзбекстан алдыга чыгып, 49-орунду камсыз кылды. Казакстан 54, Молдова 55, Орусия 56, Белорусия 61, Түркмөнстан 65-тизмеде.
Азербайжан 81-болсо, Кыргызстан бул эсепте 85-орунду ээлеген. Тажикстан 100-тизмеге коюлган.
Постоветтик өлкөлөрдөн Украина эң бактысыз деп табылып, 123-орунду ээледи.
Улуттар уюму 20-мартты Бакыт, жер күнү деп жарыялаган. Баяндама мына ошол күндү утурлай төрт жылдан бери жасалып келет.
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ