Menu

Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Арзыкан Бекбоева мекендештерин турак жайларын камсыздандырууга чакырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-августта маалымат жыйынынын жүрүшүндө Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева ушул жылдын июль айында турак жайы селден жабыркаган Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Арзыкан Бекбоевага 500 миң сом камсыздандыруу төлөмүн төлөө боюнча сертификат тапшырды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Арзыкан Бекбоева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештерди милдеттүү түрдө турак жайын камсыздандырууга чакырды.

«2016-жылы «Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму» ААК турак жайларды камсыздандырууну баштагандыгы тууралуу телевизордон маалымат угуп, бир жылга 600 сом көп деле каражат эмес экенин эске алып турак жайымды камсыздандырганмын. Сел жүргөн күнү мен кызым менен шаарда болчумун. Мен дайыма телевизордон жаратылыш кырсыктарын көрүп жүрүп, эч качан мага да залакасы тийерин ойлогон эмесмин. Менин төрт бөлмөлүү үйүм кулап калды. Турак жайсыз калуу оор. Эми камсыздандыруу төлөмүнөн алган каражатка мен коопсуз жерден жаңы турак жай салууну көздөп жатам. Бардык жарандарды турак жайларын камсыздоого чакырат элем,  муну менен биз жаратылыш кырсыктарынын өзүбүздү коргой алабыз», — деди Арзыкан Бекбоева.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: