Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кыз ала качып барып, ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.
Анын айтымында, кыз жетим. Бишкекте жашайт. Достору Ысык-Көлгө аны эс алууга чакырган. Ал макул болгондо, аны ошол жерден ала качып кетишкен.
Жабырлануучунун айтымында, Ысык-Көлгө эс алууга чакырган аялдар зомбулук көрсөтүшкөн. Ала качып барган соң кыз үй-бүлө куруудан баш тарткан. Качан гана ал каршылык көрсөткөндө аны ур-токмокко алышкан. Зомбулуктан улам кыз далысынан жаракат алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ