Menu

Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыстын” катарынан неге чыгарылды?

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровго боштондук сурагандардын митинги борбордук аянтта болуп өттү. Митинг учурунда Кыргызстандын аймактарынан келген жарандар, Садыр Жапаровдун күйөрмандары бир топ «жалындуу» сөздөрдү айтып турушту. Арасында козуткуч провокаторлор бар белем, эл өкүлдөрүнүн чучугуна тие турган сөздөрдү жаадырышып, ал тургай жакын жерде турган Ак үйдүн дарбазасына жете барышып, ал жерден жумуштан чыгып жаткан катардагы кызматкер кыздарды жакалаганга чейин барышты. Аларды күүгүм кезде укук коргоо кызматкерлери «тартипке чакырышып», аянттан кубалаганга жетишти.

Митингдин башында турган Каныбек Осмоналиев менен Садыр Жапаровдун иниси Сабыр укук коргоо кызматкерлеринин кылтагына илинди. Бирок, УКМК кызматкерлери Сабырды коё беришкен. Ал эми митингди уюштурган Каныбек Осмоналиевдин айыбы бир топ окшойт, убактылуу кармоочу жайдан кайра чыгарышкан жок. Ал эми жаш кызматкер кыздарды койгулаган аялдар издөөгө алынды.

Каныбек Осмоналиев абакка кириптер болгондун эртеси Феликс Кулов жылкы теппей, жылан чакпай туруп эле ал кишинин «Ар-Намыс» партиясынын катарынан чыгарылгандыгын жар салды. Куловдун карманган жүйөсү Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровго «медвежий услуга» көрсөткөндүгү болгон. Ал тургай партиялаштары менен кеңешпей туруп Садыр Жапаровго боштондук сураган митингди жетектеген. Ал кармалган учурда партиядан чыгаруу процедурасын Осмоналиевди чакырып, бетме-бет маектешкенден соң ишке ашыргылары келишиптир. Бирок, Осмоналиев убактылуу абакта «кармалып» калгандыгына байланыштуу муну ансыз деле чечкилери келишкен го.

Бир кездеги «темир генералдын» бул жасаганына коомчулук таң калып турат. Феликс Шаршенбаевич өзү кимге «услуга» көрсөтүп жатат? Же Каныбек Осмоналиев буга чейин эле ар-намысчыларга жакпай калган беле? Шайлоонун шайтан оюндары азыртадан башталдыбы? Дегинкиси Каныбек Осмоналиев несинен жазды экен? Камакка кириптер болуп башына бир «таш» тийсе, партиянын катарынан чийилип, башы менен экинчи «ташты» тосуп олтурат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: