Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Таластыктар 2010-жылы эң болуп көрбөгөндөй мыкаачылыкты жасады! Коңгайтиевди кыйнагандай адамды немистер да антип кыйнаган эмес, 1941-45-жылдарда”

Бөлүшүү:

“Отунбаева 2010-жылы революциянын алдында Нарынга келип, корголоп жатып, тиги Эркин Асаналиевди эле күтүп жүрчү эле. Азыр Эркин Асаналиевди жанына жолотпойт.  Тиктеп да өтпөйт Эркинди мокочо көргөндөй көрөт. Ошол кезде жумуртка операциясын уюштурган жанагы Абдраимова дегени мына, азыр Отунбаеванын жанында иштеп жатат”, – деп билдирди Нарындын тургуну, Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

“Анан ушул Нарында Отунбаева кызыл кепканы кийип алып, түнү менен Эркинди уктабай күтүп олтурган Отунбаева  президент болгондон кийин эле башы тегеренип барып, Таластык болуп калды. Талас эмне кылды? Таластыктар 2010-жылы эң болуп көрбөгөндөй мыкаачылыкты жасады! Коңгайтиевди кыйнагандай адамды немистер да антип кыйнаган эмес, 1941-45-жылдарда. Бул Акаевдики, Бакиевдки дегени менен өзүбүздүн кыргыз элинин уулдары да. Билими бар болсо, кызматы бар болсо иштейт да. Акаев, Бакиевге эмес элге кызмат кылат да. Мыкты кадрлар болсо иштей берсин кайсы бийлик болбосун. Иштеп үй-бүлөсүн бакпай анан үйүндө жатмак беле?  Таласта Конгайтиевди эмне кылышты? Шумдуктуудай абалга жеткирип сабашты. А Нарындын эли, биз деген керек болсо Бекназаров менен Шыкмаматовду сактап жүрдүк. Түндө качырып жибердик. Бекназаров аялдын көйнөгүн кийбей эле менин баламдын дубленкасын кийип качкан. Светтерди өчүрүп, үйдүн арткы калиткасынан качырганбыз”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: