18-декабрь күнү, Талас облусунун Кара-Буура районунда мыйзамсыз ташылып келаткан 6 тонна бензин кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылына кире беришинде “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү машина токтотулуп текшерилген.
Аталган машинаны текшерүү маалында темир цистерна табылып, айдоочуну суракка алганда, ал ичинде 6 тонна бензин бар экенин айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, машина айып короосуна киргизилген.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ