Menu

Кыргызстандын карызы катастрофалык темп менен өсүп баратат

Бөлүшүү:

Эл аралык валюта фондусунун (МВФ) өкүлү Кыргызстандын тышкы карызы тез өсүп баратканына тынчсызданганын билдирди.

 Сентябрь айынын ортосунда Кыргызстандын каржы министри өлкөнүн мамлекеттик карызы 4,7 млрд. долларга жеткенин маалымады. Бирок  мамлекеттик чиновниктер карыз ИДПга карата сом менен 68%га жетсе да, доллар менен эсептегенде ал 60 эле пайызды түзөөрүн айтышууда.

МВФтин республикадагы миссиясынын жетекчиси Эдвард Джемайэл 28-сентябрда өлкөнүн мамлекеттик карызынын өсүү темпи тынчсыздануу туудурарын билдирди. “Анын айтымында, Кыргызстандын карызы акыркы жылдарда тез темп менен өсүп, ИДПнын 43 пайызынан 70 пайызга чейин жетти, бул кыргыз чиновниктери атаган цифрага салыштырмалуу кыйла көп” деп белгилейт Knews.kg. сайты.

“Биздин баабыз боюнча, карыз карыздуулук кризисинин мээлүүн тобокелчилигине ылайык келет, бирок, ал оңой гана карыз кырдаалынын жогорку тобокелчилигине өтүп кете турган чек ара деңгээлине жетти. Бул өкмөт үчүн карыз алуунун баасы өсүшү мүмкүн дегенди билдирет. Ал эми бюджеттин туруктуулугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө келсек, өкмөттүн өзүнүн чектелүү ресурстарын социалдык жана экономикалык өнүктүрүүгө пайдалануу мүмкүнчүлүгү кыскарып, акчанын көп бөлүгүн карызды төлөөгө жумшоого туура келет” деп келтирет Knews.kg МВФтин миссиясынын жетекчисинин сөзүн.

Чындыгында эле Кыргызстандын каржы министри өткөн айдын башында 2011-жылдан бери өкмөт тышкы карыздарды тейлөөгө дээрлик 74 млрд. сом (азыркы курс менен алганда 1 млрд. доллар) сарптаганын билдирди. Кыргызстандын расмий адамдары карыз төлөө улам кыйындап баратканын моюнга алышууда.

Каражаттын негизги бөлүгү Кыргызстанга болжол менен 1,4 млрд. кредит берген Кытайдын мамлекеттик экспорттук-импорттук банкынын карызын төлөөгө жумшалып жатат. Дагы 640 млн. долларды республика кедей өлкөлөрдү өнүктүрүү маселелери менен шугулданган өнүктүрүүнүн эл аралык ассоциясына (Бүткүл дүйнөлүк банктын бөлүмү) төлөөгө тийиш.

Андан сырткары, тышкы карыздарды төлөөгө жумшалган каражаттын көлөмү ички карыздарды төлөөгө сарпталып жаткан карыздарга салыштырмалуу кыйла өсүп кетти. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы алты жылда ички карыздар эки жарым эсеге көбөйгөн.

МВФ Кыргызстандагы кырдаалга биринчи жолу тынчсызданып жаткан жери жок. Июль айында фонд Бишкекке киреше бөлүгүн өстүрүү жана чыгымдарды азайтуу жолу аркылуу бюджеттин дефицити менен күрөшүүнү сунуш кылган болчу.

Проблемалуу маселелердин бири – бул данды импорттоп келүүчүлөрдү НДС салыгынан бошотуу болуп эсептелет. МВФ бул кадамды контрпродуктивдүү деп атады. Ушул жумада Джемайэл НДС салыгынан бошотуунун натыйжасында казынага 600 млн. сом (8,8 млн. доллар) түшпөй калганын билдирди.

Бийлик салык жыйнап, бюджетти толтуруу жагынан көп деле ийгиликке жетише алган жок, бирок, ири иш-чараларады өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол берүүдө. Атап айтканда, бир кыйла каражат Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө сарпталды, өкмөт бул чыгымдарды өлкөнүн туристтик потенциалына салынган салым катары атады. Джемайэл Көчмөндөр оюнунун жана өткөн айда Бишкекте КМШ саммитинин өткөрүлүшүн артыкбаш чыгым катары мисалга тартты.
МВФ июль айында жарыя кылган божомол боюнча, 2016-жылы ВВПнын өсүшү  2,2%дын деңгээлинде күтүлүүдө, бул мындан мурдагы божомолдорго жана 2015-жылдын көрсөткүчүнө (3,5%) салыштырмалуу кыйла төмөн. Экономиканын өсүүсүнүн төмөндөөсүнөн, инфляциянын өсүүсүнөн жана мамлекеттик каржынын начар абалынан улам республиканын эл аралык аренадагы экономикалык статусу да төмөндөөдө. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум даярдаган атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн глобалдык форумунда Кыргызстан былтыркы 102-орундан 111-орунга түшүп кетти.

(Russian.eurasianet.org

 Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: