Шашылыш билдирүү!
Эртең, 24-мартта саат 11.00.дө Жогорку Кеңештин имаратынын астында Аксы районуна караштуу Унгар тоосунун кошуна Өзбекстанга берилип жатканына байланыштуу “Кыргыз Чоролор” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган нараазычылык акциясы болот. Жер маселеси боюнча кайдыгер карабаган бардык жарандарды чакырабыз. Кыргыз Республикасынын жер аймагы бул биздин менчигибиз эмес. Бул жерлер бизге ата-бабаларыбыздан мураска калган. Демек, жерибизди кемитпей, сактап кийинки урпактарга өткөзүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Бул жерлер жетимдердин жашынан, жесирлердин муңунан кыргыздын жери болуп калганын унутпайлы.
“Кыргыз чоролор” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ