Menu

Кадыржанга кол куушуруп кызмат кылабыз…

Бөлүшүү:

 

Мындан бир топ убакыт мурун президент Алмазбек Атамбаев айрым бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн сындап, аларды өлкө кызыкчылыгын саткан эл душманы катары сыпаттап чыкканда укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова президентти сотко берип, ар-намыстарына шек келгени үчүн Фемидадан доо өндүрүп берүүнү өтүнмөк тургай талап коюшкан эле. Бирок арадан жыл айлана электе, керек болсо ошол өздөрүнүн “абийир” соту аягына чыгып-чыга электе бул эки укук коргоочу жалпы кыргыз элинин, бүтүн мамлекеттин ар-намысына шек келтирип коюп ийинин куушуруп, эч нерсени билмексен болуп отурушат…

Ооба, кечээ ЕККУнун жыйынына сепаратист Кадыржан Батыровду коштой чаап барып, ага эл аралык абройлуу жыйында сөз алып берип, душмандын Кыргызстан тууралуу айткандарына баш ийкеп колдоп-коштоп жүргөнү чындап келгенде укук коргоочулардын кыргызды сүйгөнүнөн эмес, так ошол кыргыздын кырды-бычак болуп турушун каалаган ою бузуктарга күйгөнүнөн болуп жатканы талашсыз чындык. Болбосо, ЕККУ деле эриккендердин жыйыны эмес да, өзү күлү бир жерге додо болбой ар кайсы өлкөдө качып жүргөн, сыртынан оор айыптар менен соттолуп издөө жарыяланган, улуттар аралык кастыктын отун тутандыруучу катары сыпатталган Кадыржан Батыровго төрдөн орун бергидей? Демек анын капилеттен пайда болуп калышына так ушул эки укук коргоочу эбегейсиз эмгек сиңиргени, Кадыржан Батыровду саясий качкын катары көрсөтүп, анын чачпагын көтөрө чуркап жүргөнү, албетте бул кызматы үчүн алар кыргызстандыктардын токо наалатына калса да, көмүскөдө калың каражатка туйтунуу үчүн баарына кайыл болгону да чын. Болбосо андай адам укугун коргоого алган, укугу тебеленгендерге камкордук көргөн уюмга Кадыржан Батыровдон, Азимжан Аскаровдон, Рашид Камаловдон башка сөз кыла турганга Кыргызстанда кыргыз же башка улуттагы адам жокпу? Ал үчөөнөн башка жүздөгөн бейкүнөө жарандар уюшкан кылмыштуу топтордун, коррупциялык мафиялардын торуна чалынып же болбосо сабатсыздыгынан улам ар кимдин тилине кирип алданып, чет өлкөдө адам эмес кул катары сатылып жабыр тартып жаткан ондогон кыргызстандыктар акыйкаттыкка суусап турган жокпу? Мына ушуларды көтөрүп чыгып, Кыргызстандагы сот реформасын референдумсуз эле ишке ашырууга Азиза, Төлөйкан айымдар аракет кылса эл душманы деген жарлыкка эмес, элдик кыз деген наамга татыктуу болушпайт беле?

Баса, бул укук коргоочуларыбыз тууралуу жыты тарай элек жаңы бир мисалга көңүл буралы. Кечээ, Стамбулдан Бишкекке учуп келген жеринен Тажикстандагы “Группа 24” коомдук уюмунун өкүлү, эл аралык издөөдө жүргөн саясатчы Собир Волиевдин жубайы Жанатте Хамзаева УКМК тарабынан убактылуу кармалып суракка алынды. Албетте, УКМК бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп бере турган башкы орган болгондуктан, алар деле издөөдөгү адамдын жубайын уйкусураганынан эле кармаган жери жок да. Балким аларга оперативдүү маалыматтар келгендир, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы материалдар болгондур. Эмнеси болсо да ал кылмышка шектүү катары эмес, жолдошуна козголгон кылмыш ишине күбө катары суракка алынып, 12 сааттан ашпаган убакытта азаттыкка кое берилди. Бирок адаттагыдай эле Азиза Абдрасулова баштаган укук коргоочулар бул арадай ишти чарадай кылып көрсөтүп, эл аралык уюмдарга чейин жеткирип, чоң чууга айландырып жибергенине жалпы эл күбө болушту. Мына ушунун өзү эле биздин бул укук коргоочуларыбыздын ишмердиги кайсы багытта жүрүп жатканын айныксыз ачыктап тургансыйт.

Ал эми эл аралык уюмдарга келсек, ушул эле окуяны удургутуп, кыргыз бийлигине кайрылуу жасап жиберген “Хьюман Райтс Вотч” уюму башынан эле Кыргызстанга көзү анча түз эмес экени белгилүү. Анткени алар ошол эле Ош окуясы, кылмышкер Азимжан Аскаровдун соту жана башка олуттуу маселелерде Кыргызстандын бийлигин бир ооздон айыптап келгени маалым.  Эми болсо булар Конституциянын өзгөрүшүнө, анын ичинде 41-берененин өзгөрүшүнө караманча каршы чыгып, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын көз карандысыз сотунун үстүнөн үстөмөндөп турушуна кызыкдар. Ошондуктан бардык фронттон сокку уруп, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловаларды камчы кылып каршы шилтеп турган кербези. Анткени булардын көздөгөнү бүгүн бир адамдын укугу тууралуу болуп жатканы менен эртең Кыргызстандагы бүтүндөй бир азчылык улуттун укугун коргоп чыга калып, “өзбектердин укуктары тебеленип жатыптыр, автономия бергиле” деп ЕККУ, БУУга чалып чуу чыгарып турса, мамлекет ыдырап, Югославиянын кейпин кийип калышыбыз керекпи? Албетте, жок!

Мына ушул жагдайлардан алганда, азыр коомчулук арасында жүрүп жаткан “Укук коргоочуларга тыюу салыш керек”, “Эки бейөкмөтчү аялдын кыргыз жарандыгын алыш керек”, “Кыргызстанга киргизбеш керек” деген сунуштар чыдоонун акыркы чегиндей жаңырып турат.  Эгер чындап эле, биздин бейөкмөт уюмдар ар дайым байрак кылып жүрүүчү “жарандык коом” өзү чектен чыккан бейөкмөтчү айымдарды жерип, алардын жасап жаткан иштерин жектей турган болсо, чындап эле мыйзамдык да, моралдык да чара колдонууга неге болбосун?! Коомчулуктун, улуттун кызыкчылыгы кара башыл адамдын кызыкчылыгынан бийик турат эмеспи…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: