Алмаз Атамбаев 7-апрелдеги элге кайрылуусунда кайрадан өзүнүн саясый оппоненттерине асылып, аларды эл бузарларга, итке да теңеп жиберди. Эгерде мындай ыплас сөздөрдү катардагы саясатчы айтса “Ириген ооздон чириген сөз чыгат” деп гана эл унчукпай калмак. Бирок, бул сөздөр өзүн журт атасы болууга татыктуумун деп эсептеген, улуттун башын бириктирип, “үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап”, бир региондун эмес, жалпы улуттук лидер болом деген адамдын оозунан чыгып жатпайбы:
“7-апрелди 17-мартка же 24-мартка карама-каршы коюп жаткан айрым сасык саясатчылар – бул эл бузарлар, элибизди түндүк-түштүккө бөлүп, элибиздин биримдигин, ынтымагын ыдыратам деген бузукулар.
Кыргыздын “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген эски сөзү бар. Бул иттер канчалык үрсө да, кыргыз кербени, кыргыз көчү эч токтобойт. Бара-бара түзөлүп, кыргыз көчү элибиз тапкан жол менен жаркын келечекке баратат.
Бул жол 2002-жылдын 17-мартында Аксыда башталган. Бул жол 2005-жылдын 24-мартында бийликтин булагы эл экенин тастыктаган. Бул жол 2010-жылы 7-апрелде элибизди жеӊишке алып келген.
Куттуу болсун жаӊы майрам!”
Бул тексттен кийин Алмаз Атамбаевдин “мен кыргыз гезиттерин окубайм” дегенинине ишенүүгө болбойт. Ызага жык толгон бул ачуу сөздөр тескерисинче Атамбаев өзү тууралу кыргыз ММКлары тынбай жазып жаткан ачуу сындардын бирин калтырбай окуп, ага ызаланып, мамлекетти оңдоп жиберейин десе колунан келбей арга кеткенде оппоненттерине асылып жатканы көрүнүп турат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ