Menu

Батукаевдин кечээги “коргоочусу” Салянова жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетеби?

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышын Аида Салянова башкы прокурор кезинде башкача мүнөздөмө берип келген.  Бул боюнча эч ким ага көрсөтмө бербегенин да бекемдеген эле. Коомчулукта болсо Батукаев оорусунун кесепетинен түрмөдөн мыйзамдуу чыгып кеткени боюнча пикир калыптанган.

Качан гана Салянова камалгандан кийин баштапкы сөзүнөн айнып, тергөө менен кызматташып, күнөөнүн баарын Атамбаевге оодара салганын кандайча түшүнөбүз? Ички абийир, туруктуулук деген кайда? Ар ким өзүнүн кызматтык жоопкерчилиги үчүн турушу керек да. Албетте, бул маселеде кимдин күнөөсү болсо жазасын алышы зарыл. Таңгаласың, Батукаевдин «коргоочусу» катары түрмөдөн чыгарып ийүүгө шарт түзүп, андан кийин ойт берип кете береби? Анын «мыйзамдуу» бошоп кеткенин Салянова айтып келбеди беле? Дал ушул чуулгандуу сот процессине экс-башкы прокурор айыпталуучу эмес, күбө катары өтсө тергөө артка тебилбейби? Айтор, суроолор көп. Так жоопту кайдан табабыз?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: