Menu

Казак элчилигинин алдында “кыргыз-казак бир тууган” акциясы өттү

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы Казакстандын элчилигин алдында чек арадагы кырдаалга байланыштуу тынчтык митинги өттү. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси уюштурган “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталган акцияда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасалды.

Жарандык активист Бактыбек Нуралы уулу “Азаттыкка” билдиргендей, чек аранын жабылышынан эки өлкөнүн тең жарандары жабыркап жатат.

– Бүгүнкү күндө Казакстанда тамак-аштын баасы кымбаттап кетти. Кыргызстанда болсо 250-300 жүк ташуучу автоунаалар 4-5 суткалап кезекте турганы дыйкандарды, айдоочуларды көптөгөн чыгымдарга дуушар кылууда.

Митинг катышуучулары Нурсултан Назарбаевге кайрылуу катын элчилиликтин кызматкерине тапшырышты.

Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашын бөгөп салганы белгилүү. Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап “жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт” деп айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: