«Ар-Намыс» анан СДПКчы болгон депутат Анвар Артыковдо уят деле жок экен. МАИге айып пул төлөбөйт экен, үйү бар туруп өкмөттүн үйүндө жашайт экен. Мындай акмакчылыктын да чеги болор. Элдин атынан келип, элдин арты менен депутат болуп анан кайра аларга кызмат кылбай, мыйзамга баш ийбей жүргөнүнө жол болсун демекчибиз.
Эгер ал минтип отурса жыргатпайт го ыя? Деги ушул Атамбаевдин партиясына дайыма Кудайдан жөө качкандар жолугат да. Депутаттары өтө эле аша чапкандар же сабатсыздар. Өлкөнүн биринчи адамынын партиясынан шайланган депутаттар башкаларга үлгү болсо кана…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ