Menu

Жалпак-Таштагы жер көчкү токтой элек

Бөлүшүү:

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Курбу-Таш жана Маркс айылдарынынын ортосундагы жер көчкү акырындык менен жылып келатат.

5-майда топурак алдында калган үйлөрдүн саны дээрлик 30ду чапчыды. Мындан тышкары кырсыктан улам 35 электр мамысы дагы көчкү астында калып кетти, -деди өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев. – Жер көчкү ушул тапта Шор-Суу сайын кадимкидей бөгөп, ал жерде суу ыраса топтолуп жатат. Кечээ көчкү баскан үйдүн саны 24 эле. Бактыга жараша адам өлүмү катталган жок. Анткени, бул аймактын жашоочулары коопсуз жайларга мурда эле көчүрүлгөн.

Ушул тапта көчүрүлгөн жашоочулар 60 чатырга жайгаштырылды. Аларга катар жергиликтүү фелдьдшердик-акушердик бекет дагы жайгаштырылды.

Акыркы сааттарда аталган аймакты саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана агартуу министри Гүлмира Кудайбердиева кыдырып, калк менен жолугушуп, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Айтмакчы, Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылында жана ага жанаша жайда 61 турак жай салынган. Буга улай бир катар социалдык объектилерге, ФАПка жана мечитке олуттуу коркунуч туулгандыктан, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерлери жана куткаруучулары бул жерлердеги обьектилерди жана курулуштарды бузуп, материалдарын чыгарып жатышат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: