Menu

Видео – Мирлан Бакиров: «Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи гей-парад өткөрүлдү.  Бул өлкө үчүн уят»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңеште 8-март күнү Бишкекте өткөн феминисткалардын маршы талкууланууда. Депутаттар марштын ордуна гей-парад өткөрүлгөн деп эсептешип, буга күнлүүлөргө карата кандай чаралар көрүлөрүнө кызыгууда.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова акциянын уюштуруучулары шаар башкармалыгына туура эмес маалымат берген деп эсептейт.

«Алар айымдарды коргоого арналган марш өткөрөбүз деп айтышыптыр. Туура эмес маалымат берип, мыйзамды бузгандыгын биз көрүп турабыз. Кандай чара көрсө болот?»-деди ал.

ИИМдин орун басары Курсан Асанов депутаттын пикирине кошулуп, митингге чейин башка маалымат айтылып, ал эми акциянын өзүндө башка маселе козголгондугун билдирди.

«Бул адамдар уруксаты жок чыгышты. Иликтөөнү улантуу керек»,- деп белгилеп, ал УКМКнын кызматкерлери дагы текшерүү жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Махабат Мавлянова  депутаттар өз убагында  бей өкмөттүк уюмдарды донорлордон алган каражаттар жана гранттар тууралуу өкмөткө отчет берип турууга милдеттендирүү боюнча мыйзам долбоорду колдобой койгондугун эске салды.

«Алар донорлордон көптөгөн каражаттарды алышат, бирок, алар кайсы максаттар боюнча коротулуп жаткандыгы түшүнүксүз. Бул маселени кайрадан көтөрүү керек. Митингдер жөнүндө мыйзамды карап чыгып, алардын уюштуруучулары адегенде эмне маселени козгору жана кандай плакаттарды алып чыга тургандыгын билгенден соң гана уруксат берүү керек»,-деди ал.

Аны менен депутут Мирлан Бакиров дагы макул болду. Ал ошондой эле 8-мартта болгон иш-чара бей өкмөттүк жана эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болду деп кошумчалады.

«Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи гей-парад өткөрүлдү.  Бул өлкө үчүн уят»,-деди депутат.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Опумбаевдин айтымында, эгерде митингде адамдар кармалса, кырдаал андан да курчумак.

«Өткөрүлгөн акциялар тууралуу конкреттүү жоопкерчиликти караган актыларды жазсак, анда башка иш болот»,-деп белгиледи ал.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте жыл сайын өтө турчу айымдардын укуктарын коргоо маршы өткөн. Акциянын кээ бир катышуучулары ЛГБТ-өкүлдөрүн колдоого чакырган плакаттар менен чыгышкан. «Кырк чоро» уюмунун өкүлдөрү тең укуктуулук маршын жамынып, алар өлкөдө гей-парад өткөргөн деп эсептеп, мэр Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылып, Башкы пркуратурага арыз жазышкан. Калаа башчысы анын дарегине айтылган айыптарды четке каккан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: