«Аалам» саясий партиясынын мүчөсү Манас Ахматовдун демилгесин колдоп, «Аалам» партиясы Ата-Бейит комплексине 150 жаңгак, 50 түп алма бактарын 7-апрелде каза тапкан жана Совет доорунун репрессиянын курманадыгы болгон инсандардын урматына отургузушту. Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.
“Тигилген бак дарактар тынчтыктын, улуттар арасындагы ынтымактын жана биримдиктин символу болот деп ишенүү менен элибизге бакубаттуулукту алып келсин” –деп бата тилешти «Аалам» партиясындагылар. Аталган иш чарага көптөгөн коомдук мекемелер катышып, маркумдарга куран окулду.
Гүлжан Шерипбаева, Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ