Жогорку Кеңеште премьер-министрликке С.Жээнбековдун талапкерлиги талкууланып жаткан учурда, өкмөт башчылардын тез-тез алмашып туруулары жүрөгүнө тийгенби кандай, депутат Ч.Султанбекова: “Сиз 28чи премьер экенсиз. Сизге Токтобек деген ат коюш керек” деген сунушун айтты. Чындап эле колдой турган сунуш окшойт. Кыргызда мындайды сыр аяктан аш ичирип ырымдачу эле, жаңы дайындалган өкмөт башчыбызга канча жылдан бери туруктуу иштеп, бирде президент, бирде премьер-министр болуп келаткан Орусиянын өкмөт башчысы Д. Медведовдун рюмкасынан бирдеме жуткуруп келсекпи, я!
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ