Астанада Сирияда ок атууну токтотуу режимин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү аяктады. Ага Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн катышканы менен алардын ортосунда тикелей сүйлөшүү болгон жок.
Сирия оппозициясынын өкүлү Яхья аль-Ариди ал баштаган топ ок атууну токтотууну талкуулоо үчүн БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын катышуусунда орусиялык жана түркиялык делегациялар менен жолукканын айтты.
Орусия президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьев «чыңалуу байкалганы менен» өкмөт өкүлдөрү жана оппозициянын делегациясы бири-бирине карата кастык маанайын көрсөтпөгөнүн билдирди. “Биз сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнү кыйла ийгиликтүү болду деп эсептейбиз”, – деди ал.
Сириянын өкмөттүк делегациясынын башчысы Башар аль-Жафари оппозициянын саясий жараянга кызыкдар топторун “Ислам мамлекети” же “ал-Каидадан” бөлүү зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде оппозиция өкүлү Мухаммад Аллуш алар ок атышуунун токтошун “президент Асад менен башкаруучу банданын” бийликтен кетишине карай саясий чечимдин алгачкы кадамы катары карай тургандыктарын билдирди. Ал ошондой эле Ирандын күчтөрү жана Иран колдогон кошуундар Сириядан кетүүсү керектигин белгиледи.
Аллуш Башар Асаддын армиясы менен бирге согушуп жаткан чет өлкөлүк жоочуларды террордук уюмдардын катарына киргизүүгө чакырды. Ал Сирияда жөнөкөй адамдар террорчулуктун эки түрүнө — Башар Асаддын» жана «Ислам мамлекетинин» терроруна кабылып жаткандыгын кошумчалады. Сүйлөшүүлөр Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Кролдун жана БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын катышуусунда өтүүдө.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ