Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы жабык жыйын өткөрүп, анда парламент төрагалыгына аттанып жаткан талапкерлер тууралуу маселени карады. Жыйын сонунда аталган фракциянын депутаты Мурадыл Мадеминов эки талапкерди тең палатанын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынганын журналисттерге билдирди. “Бизге бир талапкерди бөлүп көрсөтүү кыйын болду. Анткени Канат Исаев дагы, Бакыт Төрөбаев дагы спикерликке татыктуу адамдар. Ошондуктан экөөнү тең палатага алып чыгууга макул болдук” деди депутат.
Эске сала кестек, парламент төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ат салышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ