Экономика министринин орун басары Бекболот Алиевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү ММК өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, Бекболот Алиев коронавируска 3 жолу тест тапшырып, үчүнчү анализдин жыйынтыгында COVID-19 тастыкталган. Ал амбулатордук дарыланууга жиберилген.
Экономика министрлигинде коронавирустун учурлары катталгандыктан, министрдин орун басарынан дагы анализ алынган. Өткөн жуманын аягында министрликте 7 адамдан коронавирус аныкталган.
Белгилей кетсек, буга чейин Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ