Menu

Шавкат Мирзиёев ШКУнун алкагында жаңы «жашыл коридорлорду» түзүүнү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун тездетүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-транспорттук байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы «жашыл коридорлорду» түзүүнү сунуштады.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, саммиттин жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, соода, транспорт байланыштарын өнүктүрүү жана коопсуздукту бекемдөө боюнча маанилүү демилгелерди көтөрдү.

«Жыл башынан бери Өзбекстан менен ШКУга мүчө өлкөлөр, байкоочулары жана өнөктөштөрү ортосундагы товар алмашуу көлөмү дээрлик үчтөн бир эсеге көбөйдү. Бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн жеткен чеги эмес. Соода көлөмүн мындан ары дагы жогорулатуу үчүн экспорттук-импорттук операциялардын процедураларын жөнөкөйлөштүрүү маанилүү. Биз ошондой эле мамлекет менен жеке ишкердик өнөктөштүгүнүн негизинде агроөндүрүштүк кластерлерди түзүп, айыл-чарба азыктарын жеткирүүдө «жашыл коридорлорду» кеңейтүүнү сунуштайбыз», – деди мамлекет башчы.

Андан тышкары Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Мазари-Шариф – Герат, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линияларынын курулушун, ошондой эле аймактар аралык Борбор Азия — Перс булуңу, Түндүк — Түштүк жана Чыгыш — Батыш коридорлорун өнүктүрүүнү колдой турганын айтты.

2001-жылы Пекин менен Москванын жетекчилиги алдында түзүлгөн бул саясий жана экономикалык уюмдун кезектеги саммити 9-10-июнь күндөрү Кытайдын Циндао шаарында өттү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: