Menu

Фото – Лейлек районун сел алып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-июлдун кечинде Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы 13 турак үйдү, 1 балдар бакчасын, 67 турак үйдүн огороддорун, ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды сел каптаган. Селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМ 92 куткаруучу жөнөттү. Кошумча жергиликтүү тургундардан 60 адам, чек арачылардын Катран заставасынан 13 аскер кызматкери тартылды. Лейлек райондук РЭСтен 2 бригада электриктер жана 9 техника иш алып барууда. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким – райондук Жарандык коргонуу башчысынын 2018-жылдын 10-июндагы №2/105 буйругунун негизинде Лейлек районунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кырсык болгон аймакта кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылууда. Акыркы маалыматтар боюнча айрым айылдардын жашоочуларын тез арада чатырларга көчүрүп чыгаруу каралууда.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: