Menu

Полковник Улан Рысбеков баалуу кадр

Бөлүшүү:

ИИМ ичинде Улан Рысбеков аттуу ишбилги кадр бар. Түбү таластык бул жигит анык солдат десек болот. Соңку беш жылда Баткен ОИИББ башчысынын орун басары катары күрдөөлдүү иштегендиги, Өзбекстан, Тажикстан баштаган коңшулар менен чек ара чатагын басууда үлкөн салым кошкондугун көз жаздымда калтырууга болбойт. Ошол кезде борбордон туруп телефон чалган журналисттерге чыныгы кырдаалды жаап-жашырбастан, болгонун болгондой ачык айтып, маек берип турган да дал ушул полковник болгондугун кайда катат элек? Улан мырза ушул күндөрү да ИИМ-деги реформалоо ишине бел чечпей аралашып, иштеп жүргөндүгү маалым болду. Аныгында мындай кесипкөй кадр кагаз-калем иштерине байланбастан, негизги башкармалыктардын бирине же жетекчилик кызматтарга тартылса, иштин кызыкчылыгы үчүн утуш гана болор эле. Анык «кызыл шапкечендин» үлгүсүн жараткан ишбилги кадр ишти көркүнө чыгара аткарып, көпчүлүктүн купулуна толбойт беле? Албетте, бул биздин сунуш, өзүбүздүн идея. Болбосо, мындай маалыматгарды ИИМдеги айрым интригандар «бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай» жетекчиликке бурмалап жеткиришчү эле.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: