Menu

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор: «Молдомуса Конгантиев эмнеге акталды?»

Бөлүшүү:

УКМК мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып, коомчулукка резонанс жаратып койду. Албетте, бул жагынан ар кандай тескери пикирлер курчуп атат. Биз бу саам коомдогу айрым көрүнүктүү адамдардын пикирин чагылдыруу менен сөз баштайлы.

Андан ары да маселе тереңдейт. Эң башкысы, Конгантиевдин «суудан кургак чыгышы» бакиевдик режимден жабыркаган калың катмардын кабыргасын кайыштырып кетти. Балким, бийлик бул ишти кайра адилеттүү кароого салса, татыктуу жазасын алышы мүмкүн. Үмүттү үзбөй туралы.

– «Молдомуса Конгантиев эмнеге акталды?» деп таңмын, шайлоо маалында үгүт ишин жүргүзгөнү үчүнбү?.. Министр болуп турган доорунда Кыргызстанга «беспредел» орнотуп, Жаныш Бакиевдин оң колу болуп, ушуга окшогондор Курманбек Бакиевдин айланасына чогулуп, «бокко үйүлгөн чымындай» билген бокторун жешкен эле го? Бакиевге жалган маалыматтарды берип, канча адамдын башын жешти, «Кыргызстандын эли тынч, сизди аябай сүйөт» дешип… Депутат Руслан Шаботоевдин, Геннадий Павлюктун, Бактияр Амражановдун (чоң уулум), Медет Садыркуловдун түбүнө жетип, аны «авария болду» деп каратып туруп жалган маалыматты президентке жана бүткүл элге жар салбады беле? «Кан ичкичтерди будамайлап, министр болуп жашырганы – ал өзү катышкан…» дегендикти билдирет. Анан калса, 18 жаштагы кичүү баламды бир жыл куугунтуктап, Жаныш экөө мени талкалоого белсенишип, болгону эки жаш бала мушташканы үчүн бир жыл Россияда бекитип жүрдүм. Кичүү баламды өтө чоң бандитти издегендей издешти, акыры Екатеринбург шаарынан кармап каматышты. Жабырлануучудан тил кат болгондугу үчүн орус укук коргоочулары да таңкалып жатып баламды бошотушкан. Журналист Сыргак Абдылдаевди эмне кылды? Спортсмендергеби, бандиттергеби, иши кылып балдарына чала өлүк кылып токмоктотушту. Бул экс-министирдин «беспредел» кылгандарынын бир эле чети. 2005-жылы Жалал-Абад банкы кандайча тонолгон, ким тоногон, кимдер жардам берген? Бул боюнча суроонун жообун Молдомуса билсе керек. Дагы сөз алдыда… ,

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: