Орусиянын белгилүү эстрада жылдызы Нюша рак оорусу менен жабыркаган 1,5 жаштагы Айдар Умаралиевге 300 миң рубль жардам көрсөттү. Бул тууралуу жакшы кабарды Москвада жашап жаткан Жылдыз Осмонова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ошондой эле Нюша социалдык түйүндөр аркылуу өзүнүн күйөрмандарына кайрылып, кичинекей наристеге жардам берүүгө чакырган. Айдар чучуктун рак оорусуна кабылып, анын өмүрүн сактап калуу үчүн 7 миллион сомдук операция жасалышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ