Күздөгү президенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чечүүчү роль ойной турганы белгилүү боло баштады. Анткени, жеңерине көзү жетпеген саясатчылар эмитен чиркешип, тополоңго карай бет алганы аяк салууда. Маалыматтар боюнча көшөгө артында кызмат бөлүштүрүлүп, ким кайсы тармакты ээлери пландалганы каңкууланууда. Ошондой эле үчүнчү күчтөр да ишке киришип, амбициясын тыя албагандардын колтугуна суу бүркүп жатканы айтылат. Айтор, геосаясат кызыкчылыгы опогейине жетти көрүнөт. Бул ирет Түркия дагы тумшугун тыгып, Гүленчилерди калкалаган кыргыз көчүнөн өч алууга белсениши ыктымал экени тар чөйрөдө күбүр-шыбыр болууда. Айтор, жүндүү колдордун тукуругу аркылуу күтүүсүз жерден кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Буга эли-журтубуз даяр турушу кажет. Бир региондон баш көтөргөн тыңчыкмалардын бирикме түзүшү да элди кооптондурууда.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ