Бүгүн, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Үч-Чат жайлоосунда болжол менен жалпы көлөмү 2,5 млн.куб метрди түзгөн жер көчкүсү түшүп, бир жеңил автоунааны басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, жер көчкүдөн жабыркагандар жок, учурда маалыматты тактоо иштери жүрүп жатат. 2016-жылдын февраль, март жана апрель айларында эле аталган кооптуу участкалардан көчүп кетүү боюнча 18 жолу атайын-эскертмелер жергиликтүү бийликтерге берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ