Ош шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бир айдын ичинде 5 наристенин чарчап калышы эмнени билдирет? Жарык дүйнөгө күнөөсүз келишкен наристелер, албетте, дарыгерлердин шалаакы мамилеси астында бу жарыкчылыктан коштошот да, туурабы? Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин медицина тармагынын негизги башкармалыктарына өңчөй өздүк кадрларын алып келип, профессионал кадрлар сыртка сүрүлүп калгандыгынан улам, тармакта ушундай жагымсыз окуялар орун алууда. Башкасын албайлы, Ош шаардык ооруканасынын башчылыгына Батыралиевдин “батасын” алып барган Мырза Стамбеков кол алдындагы ооруканадагы наристелердин өлүмү катталса да кызматтан кетип калбагандыгы кандай? Мырза Стамбековду кой, министр Батыралиев медицина системасына боткону болушунча чалып, эми моралдык жоопкерчиликти ойлоп, кызматтан кетип калбагандыгы таңгалдырууда. “Уялбагандан өзүң уял” дечү беле? Мындай кадр менен премьер Жээнбеков кантип иштешип жатат? Министр Батыралиев боюнча президент Алмаз Шаршенович өзү үн катпаса, ага карата чара көрүлбөй калды көрүнөт…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ