Menu

Украинанын жикчилдери Авдеевканы аткылоону улантууда

Бөлүшүү:

Украинанын чыгышында жикчилдер Авдеевканы аткылоону улантууда. Куралдануудан баш тартуу боюнча 1-февралда Минскте жетишилген келишимге карабай, “Град” реактивдүү системасы, оор артиллерия жана танктар колдонулууда. Украин аскерлеринин маалыматы боюнча өткөн суткада 67 атышуу катталды. Эки аскер кызматкери набыт болду. Жарадардардын саны 14кө жетти.

Украин күчтөрү менен жикчилдердин ортосундагы уруш Авдеевканын өндүрүш зонасында 29-январда жанданган. Эки тараптан тең жоготуулар бар, жай тургундар дагы жабыркап жатышат. Жаңжалдын күчөшүнө эки тарап бири-бирин айыптоодо.

Учурда 22 миң киши жашаган Авдеевкада жылуулук системасы иштебей, суу жана электр энергиясын берүү токтоду. Украина президенти Петр Порошенко аймакка өзгөчө кырдаал киргизди жана калкты көчүрүү планын жарыялады. “Укринформ” агенттигинин маалыматы боюнча бүгүн эртең менен Авдеевкадан 149 киши эвакуацияланды, алардын жарымы – жаш балдар.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде кайрадан Донбасстагы кырдаалды карайт. Күн мурун ок атууну тезинен токтотуу боюнча билдирүү кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: