Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго тагылган милдеттерди тийиштүү түрдө аткара албагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Чынында, мындай сөгүш Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашевге дагы берилсе туура болмок. Анткени паспорттогу улут графасын алып салууну ойлоп таап, анысы эл ичинде көптөгөн каршылыкты жаратты. Белгилүү коомдук жана мадания ишмерлер да Сарпашевди кыргыздын душманы катары сыпатташып, улут маселеси менен ойнобой, жөн жүрүүгө чакырган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ