Бишкекте «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» деген аталыштагы форуму өттү. Бул тууралуу Бишкек казыятынан билдиришти.
Форумга ички иштер министири Мелис Турганбаев, калаа башчысы Албек Ибраимов жана шаар казысы Садридин ажы Маджитов катышып, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө кеңири талкуу жүргүзүштү.
Шаар казысы өз сөзүндө жаштарыбыздын ыймандуу болуп тарбияланышы келечегибиз үчүн өтө чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи. «Мектептен баштап жаштарыбызга ыйман сабактарын өтүшүбүз керек. Чыныгы исламды жаш муундарга жеткиришибиз абзел. Анткени алардын арасынан эртеңки мамлекетибиздин келечек муундары болгон эл башчылары, министр, депутаттар тарбияланып чыгышат»,- деди Садридин ажы Маджитов.
Форумдун акырында Бишкек шаарынын казысы коомчулук менен тыгыз иштешкендиги үчүн ИИМдин «Кыргыз милициясы 90 жыл» медалы жана Бишкек шаарынын мэринин «Ардак грамотасы» менен сыйланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ