Өкмөттүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, «Баткенде чек ара боюнча Тажикстан менен түшүнбөстүктөр болууда» – деп билдириптир. Демек Баткенде чек ара маселеси кооптуу болуп жатат. Бул туурасында өкмөт эмнеге чечкиндүү кадамдарга барбай жатат? Же баягы 2014-жылдагыдай болуп, тажиктер автомат менен аткылап баштаганда гана ойгоносуңарбы? Килейген областын килейген өкүлү абалды тынч эмес деп жаткандан кийин, бийлик дароо реакция жасашы керек эле да. Сапар Исаков планшет көтөргөн кеңешчилеринен бирөөнү жөнөтсө боло Баткенге.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ