Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн элдик Курултай Эмил Каптагаевдин сунушу боюнча экс-президент Алмаз Атамбаевдин 2011-2017-жылдарда, президент болуп турган учурундагы бийликти узурпациялап алуу боюнча кылмыштуу аракеттерин жана анын кесепеттерин иликтөө, айрыкча ал өзү мактанып жаткан байлыктарынын булактарын жана мыйзамдуулугун тактоо үчүн, аларага укуктук баа берүү максатында атайын мамлекеттик комиссия түзүү чечимине бир добуштан “макул” деп добуш беришти.
Курултай Атамбаев боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүү КР Жогорку Кеңешинен талап кылынсын деген чечим кабыл алды.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн Бишкекте коомдук-саясый жана мекенчил күчтөрдүн курултайы болуп өтүп, анда делегаттар президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык президенттик ишмердигине баа берип, канааттандырарлык деп тапкан, ал эми экс-президент Алмаз Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердигине канаатандырарлык эмес деп баа берген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ