Мелис Турганбаев кызматынан кеткени кабарланды. Бирок, аталган мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов азыр бул тууралуу министрдин дагы кабары жок экенин айтууда.
– Учурда бул боюнча эч кандай маалыматыбыз жок. Мен жарым саат мурун министрдин өзүнө кирип чыккам. Бирок, бул тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Бул министр үчүн дагы күтүүсүз болду.
Учурда ИИМдин милдетин аткаруучу болуп Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кашкар Жунушалиев дайындалды.
Буга чейин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызматтан кетээри айтылган. Анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров келип, Мелис Турганбаев Жумакадыровдун ордуна отурат деген да имиш сөздөр тараган.
Булак: maralfm.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ