Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык 624 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды, алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан тарыхий мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Дагы бир жарлык менен 206 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ