Минск, 11-октябрь
Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалды. Алардын ичинен 500дөйү Минск шаарындагы демонстранттар экенин «Весна» укук коргоо уюму билдирди. Кармалгандардын арасында 40тан ашуун журналист жана фотограф бар.
Айрым демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында, полиция жаш агызчу газ чачкандан кийин жүрүшкө чыккандардын кээ бирлери аларды көздөй бөтөлкө жана гүл челектерин ыргытышкан.
Жыйынтыгында ондогон киши жаракат алды.
Бул жолу милиция демонстранттарга каршы катаал чара көрдү. Беларустун көз карандысыз басылмалары ОМОНдун зомбулук аракеттерин чагылдырышууда.
Нааразылык акциялары Беларустун башка шаарларында да өтүп, камоо менен коштолду.
Жекшембиде Минскинин борбору жабылды. Акцияга канча киши катышканы тууралуу азырынча маалымат жок.
Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келатат. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.
Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ