Кыргызстан жана Башкортостан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Уфада өткөн эки тараптуу жолугушуулар учурунда Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов макулдашты.
Рустэм Хамитов Орусия жана Кыргызстан аймактары ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. “Эки өлкө ортосундагы аймак аралык кызматташтыктын келечеги кең, аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл. Башкортостандын кыргыз тарап менен транспорт, машина куруу, айыл чарба, туризм, билим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар”, – деп белгиледи Хамитов.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов Башкортостандын башчысына Уфа шаарында V кыргыз-орус аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйынын өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. “Аймактык кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Менин ишенимимде, эки өлкөнүн аймактары аралык түз байланышты түзүү – Кыргыз Республикасы жана Орусия Федерациясы ортосундагы мамилелерди чыңдоонун натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда бизнес үчүн ылайыктуу пайыздык үстөк менен узак мөөнөттүү насыя берүүчү Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду натыйжалуу аспап катары чыга алат”, – деп белгиледи ал.
Жолугушуу соңунда Панкратов Хамитовду 2016-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл жээгинде өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ