Кечээ, 14-июнда КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда төмөнкү маселелер каралды: КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо, «Жаңы муун» коомдук кыймылынын кайрылуусун кароо жана КТРКнын контентинин сапатын жакшыртуу маселеси. Бул тууралу КТРКнын Байкоочу кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
КТРКнын БК регламентине ылайык төрага бир жылга шайланат. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгында БК төрагасы болуп Жылдыз Бакашова шайланды, ал үчүн КТРКнын БК 10 мүчөсү добуш берди. Экинчи талапкер Бүбүкан Досалиева 4 добуш алды.
Ошондой эле жыйында КТРКнын башкы директору И. Карыпбековго контентти жакшыртуу боюнча убагында чара көрбөгөндүгү үчүн, моралдык жумушчу атмосфераны оңдоо боюнча талкууланган маселелердин орун алышына жол бергендиги жана өз убагында чара көрбөгөнү үчүн сөгүш жарыяланды.
КТРКнын БК кийинки кезексиз жыйыны 2016-жылдын 30-июнуна белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ