2019-жылдын 7-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов менен Кытай Эл Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу элчиси, Ду Девень айымдын жолугушуусу болду. Жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү Цай Чжисюн дагы катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо органдары тармагында, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө мындан кийинки кызматташууну жана өз ара байланышууну бекемдөө боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташуу маалында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын потенциалын күчөтүүгө зор салымдарын кошуп жаткандарын белгиледи. “Биздин өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү көп тармактуу байланышты кеңейтүүгө оң натыйжа берет”,-деп министрдин орун басары билдирди.
Жолугушуунун аягында бири-бирине белек беришип, тараптар көп жылдык достук мамилелер эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө түрткү болоорун айтышты.
Бул жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ