Menu

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбоо чечимин кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого дагы 11 партиянын документтерин каттады.

Ал эми жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын документтерин каттабай артка кайтарды. Эми аталган партия шайлоого катыша албайт.

БШК муну “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 19-августта өткөн съездинде бекиткен депутаттыкка талапкерлердин тизмеси менен 24-августта БШКга тапшырган тизмеси төп келбейт түшүндүрдү.

Мындай чечим кечээ, 2-сентябрда 7 гана добуш топтоп өтпөй калган. Анда БШК бул партиянын ички иши, биз БШКга тапшырылган гана тизмени көзөмөлдөйбүз. Ага чейинки талаштар сотто гана чечилиш керек деп түшүндүргөн. Бирок бүгүн БШК сотсуз эле өздөрү чечип коюшту.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “Бир саат мурун эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон өткөрүү тууралу чечим даярдабадык беле, эмнеге 1 сааттык танапис учурунда чечим кескин өзгөрүп кетти? Силер эмне танапис учурунда иштедиңерби? Иштесеңер кана документиңерди көрсөткүлө. Силерде эч кандай документ жок. Бул деген фальсификация!” деп ачууланды.

Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эч кандай документ көрсөтө алган жок жана бул чечим боюнча  журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: