Menu

Жылмайып коюңуз

Бөлүшүү:

Класска уруксатсыз кирип келген балага мугалим:
– Бар, эшикке чыгып, атаң үйгө кандай кирсе ошондой кир – дейт.
Бала эшикке чыгып кайра кирип:
– Ээй, катын, тамак быштыбы? – дептир.

***

Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да, муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
– Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
– Түшүндүм. Ме, мобу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
– Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
– Болуптур, оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
– Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
– Айланайыным, ырас билген болсоң келчи, атакең сени бир кучактасын!

***

Бирөө Ош жакка келсе “дом продается” деп жазылып туруптур. Анан үй ээсинен сураптыр “Неге орусча жазып койгонсуңар? Ошто кыргыздар, өзбектер көп го. Кыргызча же өзбекче жазсаңар болбойбу”- десе. “Өзбекче кылып “үй сотилади ” деп жазсам, алдына “Х” тамгасын кошуп коюшуптур. Анан кыргызча “Там сатылат” деп жазсам, алдыдагы” Т” тамгасын өчүрүп коюшуптур. Анан орусча эле жазып койдум” – дептир.

***

Бир күнү бир абышканын баласы үйлөнүптүр. Жаңы келген келини өтө эле шустрый болуптур. Бир күнү ата үйдө шыпыргы жок экен деп, аксакалдын сакалын кыркып алып шыпыргы жасаптыр. Эртеси үйүндө пол жууганы тряпка жок болгондуктан, аксакалдын кийимин чечип алып тряпка кылып иштетип салат. Бир күнү баласы үйүнө келсе атасы кроваттын астында жатат дейт, анда баласы “Ата, сизге эмне болду, эмне кирип алдыңыз бул жакка  десе, үйдө жумуртка жок калып келиним жумуртка издеп жүрөт, ошого кирип алдым дейт имиш…

***

Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
– Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? – дейт
Кыз катуу кыйкырып:
– Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
– Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жатканмын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
– Эмне, бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисиңби?

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: