Нефтинин үстүндө жашап жатабыз деп оозун чойгон ко-шуналарыбызда күйүүчү май кризис болуп жатканын ЖМК-лар жазып чыгышты. Өзгөчө Алмата шаарында май куюучу бекеттерде каз-катар тизилген унааларды көрүүгө болот. Бен-зинди талон менен жана алар-дын акчасы менен 5000 теңге же биздин сом менен 1000 сом-го гана куюп жатышат. Кезекке турганда бир сааттан ашык ту-руп май куюп кетишүүдө. Облус жетекчилиги күйүүчү майдын запасы 10 күнгө жетээрин, ан-дан кийин кандай болоору бел-гисиз экендигин айтып ийинин куушурууда. Андан тышкары күйүүчү майга болгон баанын күн ара өсүшү казакстандык-тарды тынчсыздандырып жатат. Мындай күйүүчү май кризиси үч жыл мурун да болгон эле. Негизги себептеринин бирин, нефти иштетүүчү ишканалар-да оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгы менен байланыш-тырып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ