Menu

Свобода Радиосу Орусиянын Юстиция министрлигинен кат алды

Бөлүшүү:

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу жана анын Москвадагы өкүлчүлүгү Орусиянын Юстиция министрлигинин расмий кат алды. Коммерциялык уюмдардын иштери боюнча департаменттин директору Владимир Титов журналисттер үчүн “чектөөлөр киргизилиши ыктымал” экени жөнүндө эскертүү камтылган текстке кол койгон.

Ушундай эле катты медиакорпорациянын башка бир долбоорлору – “Idel.Реалии” сайты жана “Настоящее время” телеканалы дагы алды. Катта Орусиянын компетенттүү органдары бул уюмдардын ишмердүүлүгүндө чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзамга дал келген белгилер бар экенин аныктаганы жазылган. Буга байланыштуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деген эскертүүлөр берилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы редактору Ненад Пейич катка жооп берип, “Настоящее время” телеканалы, Свобода радиосу жана “Idel.Реалии” сайты саясий уюмдар эмес экенин билдирди. “Мындан ары дагы миссиябызды улантууга мүмкүнчүлүгүбүз болот деп ишенебиз”, – деди Пейич.

Кремль 6-октябрда Орусияда иштеген айрым америкалык ММКларга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен. Москва Вашингтон АКШдагы орусиялык ММКларга басым көрсөтүп жатат деп эсептейт.

АКШнын укук коргоо органдары акыркы кезде эки орусиялык медиага – RT телеканалы менен Sputnik сайтына өзгөчө көңүл бурууда. Орус өкмөтү каржылаган RT телеканалы америкалык атайын кызматтары тарабынан АКШда өткөн президенттик шайлоолорго таасир этүү аракетине айыпталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: