Бүгүн, 13-октябрга карата Кыргызстанда дагы 343 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 81, Ош шаарынан – 18, Чүй облусунан – 21, Ош облусунан – 46, Ысык-Көл облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 77, Баткен облусунан – 83 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 49871ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 190 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 44 712ге жетти.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 2 учуру: Ош облусунан – 1, Бишкекте – 1. Жалпысынан каза болгондордун саны 1092го жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ