Menu

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды.

БУУӨП Башчысы Л.Чемберлен, анын дайындылышы жөнүндө БУУӨП Администратору Ахим Штайнердин катын Министр Ч.Айдарбековго тапшырды.

Министр Ч.Айдарбеков Л.Чемберленди миссиясынын башталышы менен куттуктап, БУУӨПтүн жаӊы Башчысынын ишмердүүлүгү өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү андан ары тереӊдетүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, Л.Чемберлен 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын негизги багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун «2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгында белгиленген приоритеттер тууралуу маалымдалды. Ушуга байланыштуу, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын алкагында жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан ары ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Л.Чемберлен жолугушууга ыраазычылык билдирип, БУУӨПтүн Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку динамикасын сактоо үчүн өзүнүн ишмердүүлүгүндө максималдуу күч-аракеттерди жумшаарына ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: