Menu

«Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы „Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Долбоордун максаты айылдык коомчулукка багытталган ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн, тандалган айылдардын санитардык кызматын жакшыртуу, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы институттардын потенциалын бекемдөө болуп эсептелет.

«Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Сауд өнүктүрүү фондусу тарабынан 30,0 млн АКШ доллары суммасында берилүүдө.

Сауд өнүктүрүү фондусунун кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү жана жылдык 1 пайыздык ставка менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 4,5 жыл.

Ошондой эле долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10,0 млн жакын АКШ доллары өлчөмүндө кош каржылоосу каралган. Мында ушул Макулдашуудан келип чыккан финансылык милдеттенмелер салыкка жана жыйымдарга, ошондой эле долбоорду ишке ашырууну колдоого багытталуучу 2020-жылга жана кийинки жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: