7-8-февралдагы Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районундагы башаламандыктан баш-аягы 185 адам жабыркады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Буга чейин Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 170тен ашык жабыркаганын айтышкан.
Белгилей кетсек, 8-февралга караган түнү Казакстандын түштүгүндө массалык башаламандыктар болгон. ИИМдин айтымына караганда, башаламандык жолдогу чыр-чатактан улам башталган. Бул абалды чагымчылдар колдонуп, улуттар аралык жаңжалга айлантууну көздөгөн. Акыркы маалыматтар боюнча 11 адам каза болуп, 50дөй адам кармалган. Жаңжалдан улам турак үйлөр, мекемелер, унаалар өрттөнүп кеткен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ